Орусия чет жакка чыгып кеткен жарандарына каршы чараларды күчөтүүдө. Тийиштүү мыйзам долбоорун Мамлекеттик Дума 22-июлда экинчи окууда кароону пландап жатат.Документ чет өлкөгө чыгып кеткен жана бир катар саясий мүнөздөгү административдик беренелер боюнча жоопко тартылган же кылмыш иши козголгон орусиялыктардын укуктарын чектөөнү карайт. Бул тууралуу «Свобода» радиосу жазды.Мыйзам долбооруна ылайык, «чет элдик агент» жөнүндөгү мыйзамды бузуу, Орусиянын аймактык бүтүндүгүн бузууга чакырыктар,...