
Беларусьтын тышкы иштер министри Максим Рыженков 2026-жылдын 22-23-июлунда Кыргызстанга расмий сапар менен келет. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин маалыматына ылайык, сапар өлкөнүн тышкы саясат ведомствосунун башчысы Жээнбек Кулубаевдин чакыруусу менен уюштурулууда.
Сапар учурунда маанилүү сүйлөшүүлөр пландаштырылган, анда кыргыз-беларусь кызматташтыгынын негизги аспектилери талкууланат. Жыйындын катышуучулары мындан аркы өз ара аракеттенүүнүн келечегин, ошондой эле эл аралык күн тартибиндеги актуалдуу маселелерди талкуулашат.