На Джеруе VII Спартакиада металлургдар күнү менен байланыштуу өттү. Бул жылы спорттук иш-чарага «Альянс Алтын» компаниясынын жана анын подрядчиктеринин бөлүмдөрүнөн 11 команда катышты.

Спартакиада командалык рухту бекемдөөнүн жана спорттук кызыгууну көрсөтүүнүн мыкты мүмкүнчүлүгү болду: катышуучулар күч-кубаттарын жана чыдамкайлыктарын көрсөтүштү, ал эми көрүүчүлөр командаларды активдүү колдошту.