Бишкек шаарындагы ден соолукту чыңдоо борборунун адистери жарандарды жайкы мезгилде инфекциялык ооруларга каршы профилактикалык чараларды сактоого чакырышты. Жылы мезгилде курч ичеги инфекциялары жана башка инфекциялардын учурлары көбөйөт, бул өзгөчө көңүл бурууну талап кылат.

Медиктер ден соолук абалы начарлаганда өзүн-өзү дарылоого эмес, квалификациялуу медициналык жардамга дароо кайрылууга кеңеш беришет.