Бишкекте Жусуп Абдрахманов жана Москва көчөлөрүнүн кесилишинде коомдук мейкиндикти жакшыртуу долбоору сунушталды. Бишкек шаардык архитектура жана курулуш башкармалыгынын шаардык дизайн бөлүмүнүн адистери заманбап жана көп функциялуу мейкиндикти түзүүгө багытталган эскизди иштеп чыгышты.
Долбоор эс алуу зоналарын, шахмат аянтчасын, көчө китепканасын, ошондой эле балдар үчүн оюн жана спорт аянтчаларын уюштуруу менен камтылган. Мындан тышкары, фонтанды жаңылоо, автоунаа токтотуучу жайды жана коомдук даараткана куруу пландаштырылууда.