Баткен облусунда контрабанда уюштурууга шектелип, аскер кызматкери кармалды

Баткен гарнизонунун аскер прокуратурасы үчүнчү өлкөлөргө жүк контрабандасы жана Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматынын аскер кызматкерлеринин мыйзамсыз чек араны кесип өтүшү менен байланышкан кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу учурларын аныктады. Ошондой эле, курал-жарактарды мыйзамсыз сактоо фактылары да аныкталды.

Башкы прокуратурадан билдиришкендей, Лейлек чек ара отрядынын штаб башчысынын милдетин аткарып жаткан аскер бөлүгүнүн командиринин орун басары кармалган. Ал Баткен районунун Ички иштер башкармалыгынын убактылуу кармоо жайына жайгаштырылды.