
Кыргызстандын Саламаттык сактоо министри Дамир Осмонов Нью-Йорктогу БУУнун жогорку деңгээлдеги жыйынынын алкагында өткөн жол кыймылынын коопсуздугу боюнча тегерек столго катышты. Иш-чара БУУнун Башкы катчысынын атайын өкүлү Жан Тодт жана Эл аралык тынчтык институту (IPI) тарабынан уюштурулуп, "жумшак пандемия" болгон жол кырсыгынан жаракат алууга каршы күрөшүүгө арналган.