Россия кылмыш жазага тартылган мигранттарга жарандык жана убактылуу жашоо уруксатын берүүгө тыюу салат

Иллюстративдик сүрөт
Россияда чет элдик жарандардын жаза мөөнөтү өтө элек же жоюлбаган соттолгондугу бар болсо, жарандык, жашоого уруксат же убактылуу жашоого уруксат алуу боюнча мыйзам кабыл алынды. Бул мыйзам мамлекеттик думанын жыйынында, жума күнү экинчи жана үчүнчү окууда бекитилди.

Жаңы мыйзамга ылайык, чектөөлөр Россиянын аймагында жана анын чегинен тышкары жасалган кылмыштарга да тиешелүү. Ошол эле учурда, эгер жашоого уруксат же убактылуу жашоого уруксат алгандан кийин, адамда мындай соттолгондук бар экендиги аныкталса, берилген документтер жокко чыгарылат.