Президент Садыр Жапаров 21-июлда Фейсбукта жазган постунда башка маселелердин катарында Кыргызстандын мамлекеттик карызы жөнүндө талкууларга да жооп берип, коомчулукту анын көбөйүп кетишине кыжалат болбоого чакырды. Мамлекет башчы мурда сырттан алынган насыя маанисиз багыттарга жумшалып келгенин, жаңы алынган карыз өзүн-өзү актаган долбоорлорго жумшалып жатканын билдирди.“Ар бир өлкөнүн тышкы карызы анын ички дүң продукциясына (ИДП) карата өлчөнөт. Эгер 2020-жылга чейин биздин тышкы...