Кыргызстан командасы 16-19-июлда Москвада өткөн ат спорту боюнча Евразия оюндарына мыкты катышты. Сорунга Россия, Казакстан жана Өзбекстан сыяктуу бир катар өлкөлөр катышты.
Конкур Maxima Masters базасында өтүп, кыргызстандык спортчулар ар кандай дисциплиналарда жогорку даярдык жана чеберчилигин көрсөтүштү. Катышуучулар 60тан 150 сантиметрге чейин бийиктиктеги тосмолор менен маршруттарда мелдешти.