Кыргыз Республикасынын Ички иштер министринин орун басары Октябрь Урмамбетов Кытайдын Кыргызстандагы элчиси Лю Цзянпин менен жана ИИМдин башкы башкармалыктарынын жетекчилери менен жолугушуу өткөрдү. Жолугушуунун жүрүшүндө негизги көңүл Кытайдын жарандарынын өлкөдө мыйзам бузуу учурларын азайтууга жана алардын Кыргызстандын жергиликтүү мыйзамдары жана маданий салттары боюнча укуктук маалымдуулугун жогорулатууга багытталган кызматташуу маселелерине бөлүндү.

Ошондой эле элчилик өкүлдөрүнүн катышуусунда Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын түшүндүрүүгө жана мыйзам бузуунун алдын алууга багытталган биргелешкен профилактикалык иш-чараларга басым жасалды, бул Кытайдын жарандары менен өз ара аракеттешүүнү күчөтүүгө жардам берет.