Гулистондо Кыргызстандын Баткен облусундагы президенттин ыйгарым укуктуу өкүлү Мамыржан Рахимов менен Тажикстандын Согдий облусунун төрагасы Раджоб Ахмадзоданын жолугушуусу өттү. Иш-чарага ошондой эле эки өлкөнүн күч структураларынын жетекчилери жана чек аралаш райондордун башчылары катышты.
Тараптар эки тараптуу кызматташтыкты бекемдөө, чек арадагы коопсуздукту камсыз кылуу жана Баткен менен Согдий облустарынын ортосундагы өз ара аракеттенүүнү өнүктүрүү боюнча маанилүү маселелерди талкуулашты.