Ысык-Көл облусунун Сырт жайлоосунда кыргыз мал чарбачылыгы үчүн тарыхый окуя – ак түстөгү кыргыз топозу “кыргыз ак топозу” аталышында жаңы тукум (порода) катары расмий мамлекеттик каттоодон өттү. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги кабарлады.Жаңы породаны мамлекеттик каттоо жөнүндө буйрукка 20-июлда Минкаб төрагасынын орун басары – Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Эрлист Акунбеков кол коюп, бул чечим өлкөнүн асыл...