Орто-Сай базарында, Суеркулов көчөсүндө жайгашкан, кафе демонтаждалды, бул тууралуу Бишкек мэриясы маалымдады. Мекеменин ээси курулушту алып салуу керектиги тууралуу билдирүү алды.
Демонтаждын себеби муниципалдык жер тилкесин максатсыз пайдалануу болуп саналат, анын үчүн ээсине 13 000 сом өлчөмүндө административдик айып салынды. Натыйжада, 200 квадрат метр муниципалдык аймак бошотулду.