
«Бала ырысы» пособиясын алуу үчүн баланын жарандыгын тастыктоо зарыл, эгерде анын Кыргызстандын жалпы жарандык паспорту жок болсо. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги маалымдады.
Ведомствонун маалыматына ылайык, ата-энелердин бирөөсү же мыйзамдуу өкүлү «Кызмат» мамлекеттик мекемесинин Калкка кызмат көрсөтүү борборуна (ЦОН) барып, баланын жарандыгын, каттоосун жана жарандык абалын тастыктаган маалымкат алууга тийиш. ЦОНго кайрылганда, маалымкат «Бала ырысы» пособиясын алуу үчүн керек экенин көрсөтүү маанилүү.