Сон-Кулдун жанында жайыттарда унаа менен жүргөн айдоочуга айып пул салынды
Instagram'да жайыттар боюнча унаанын жүрүшүн тарткан видео жарыяланган соң, Табигый ресурстар министрлигинин экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматы айдоочунун жеке башын аныктап, аны жазалоо чараларын көрдү. Ведомствонун басма сөз кызматы мыйзам бузучуга административдик айып пул салынганын билдирди.

Кыргыз Республикасынын укук бузуулар кодексине ылайык, айдоочуга айып пул дайындалды, ошондой эле мындай аракеттердин келечекте болбошу тууралуу түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.