Сокулук районунда чет өлкөлүк куруучуларга мыйзамдарды сактоо жөнүндө эскертүү берилди
Сокулук районунда ОАО «Мамлекеттик ипотекалык компания» тарабынан курулуш объектилеринде иштеген чет өлкөлүк жарандар менен профилактикалык жолугушуу өттү. Иш-чара Чүй облусунун Ички иштер башкармалыгы тарабынан уюштурулду.

Жолугушууда райондук милициянын өкүлдөрү, УККнын кызматкерлери жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрү катышты.