Кыргызстанда ушул тапта чет элдик жарандардын, айрыкча кытайлык инвесторлор менен жумушчулардын өлкөдөгү ролу кайрадан талкуу борборуна чыкты. Арпа жайлоосунда чет өлкөлүк жарандардын ток менен балык кармаган видеосу, Ат-Башыда канаттууларды тор менен тузактаган сыяктуу окуялар коомчулуктун кызуу реакциясын жаратты. Президент Садыр Жапаров мыйзам бузган чет өлкөлүк жарандарга чара көрүлүп жатканын, акыркы айларда миңдеген киши өлкөдөн чыгарылганын айтты.