Өткөн аптанын башында өлкөнү каптаган ысык аба ырайынан кийин Чүйдө жана Бишкекте электр маал-маалы менен өчө баштады. Бул элдин турмушуна, айрыкча чакан ишкерлерге кедергисин тийгизүүдө. Энергетика министрлиги кырдаалды керектөө кескин өсүп, электр жабдууларына күч келип жатканына байланыштырды.