Ош шаарында «Увам» каналынын жээгин мыйзамсыз курулуштардан тазалоо иштери улантылууда. Түштүк борборунун мэриясы каналдын коргоо зонасынан тышкары жайгашкан курулуштарды демонтаждоо тууралуу маалымат берди.
Мэриянын маалыматына ылайык, демонтаждоо менен бирге жээктерди көрктөндүрүү иштери да жүргүзүлүүдө. Бул чаралар аймактын абалын жакшыртууга жана шаар тургундары үчүн коопсуздукту камсыздоого багытталган.