"Бала ырысы" пособусун алуу үчүн, Кыргызстандын жарандык паспорту жок баласы бар ата-энелер баланын жарандыгын тастыктоосу керек. Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги бул процедураны кантип аткаруу керектигин түшүндүрдү.
- Ата-энелердин бирөөсү же мыйзамдуу өкүлү "Кызмат" мамлекеттик мекемесинин Калкты тейлөө борборуна (ЦОН) барып, баланын жарандыгын, ошондой эле анын каттоосун жана документтештирүүсүн тастыктаган маалымкат алуу керек.
- ЦОНго барганда, маалымкат "Бала ырысы" пособусун алуу үчүн керек экенин белгилөө маанилүү.
- Арзызды берүү үчүн электрондук кезек талону алуу зарыл. Маалымкат белгиленген тартипте берилет жана анын даярдалышы 14 жумушчу күнгө чейин созулушу мүмкүн.