Кыргызстандын Улуттук футбол академиясы ФИФАнын «Таланттарды өнүктүрүү схемасы» программасынын алкагында заманбап спорттук-аналитикалык жабдууларды алды. Жаңы жабдуулардын жалпы баасы 26,5 миң долларды түзөт, деп билдирет Кыргыз футбол бирикмеси (КФБ).

Алынган жабдууларга дүйнөлүк футболдо активдүү колдонулган StatSports Apex GPS-трекерлери кирет. Бул жабдууларды алдыңкы клубдар жана улуттук командалар оюнчулардын физикалык көрсөткүчтөрүн талдоо жана машыгуу процессин оптималдаштыруу үчүн колдонушат.