Бишкек–Ош унаа жолунун 249-чакырымында, Токтогул районунун Чычкан капчыгайынын Казы-Жар тилкесинде жааган жамгырдын кесепетинен түшкөн сел тазаланды. Бул тууралуу Президенттин Жалал-Абад облусундагы өкүлчүлүгү кабарлады.Коктудан түшкөн таш аралаш суу 22-июль, кечки саат 18:00-19:00дөрдө жолду каптаган.Өкүлчүлүктөн такташкандай, окуядан жабыркагандар жок. Жол кырсыгы катталган эмес жана жол кыймылы үзгүлтүккө учураган жок.Дубандын аймагындагы №23 Жол тейлөө ишканасынан (ЖТИ) бир автожүктөгүч...