Централдык парктын реконструкциясы Караколдо 85%га аяктады. Бул тууралуу Курулуш, архитектура жана турак-жай-коммуналдык чарба министрлиги маалымдады. Парктын аянты 7,5 гектарды түзөт, учурда 12 аттракциондун, административдик имараттын жана башка негизги объектилердин курулушу дээрлик толугу менен аяктады. Учурда аттракциондорду ишке киргизүү иштеринин, газондорду төшөө, автоматтык сугаруу системасын орнотуу жана жөө адамдар менен велосипед жолдорун түзүү иштеринин улантылып жатканы маалымдалды.

Проект заманбап фонтандын, спорттук аянтчалардын, амфитеатрдын, кафетерийдин жана коноктордун ыңгайлуу убакыт өткөрүүсү үчүн керектүү инфраструктуранын түзүлүшүн камтыйт. Министрликте белгилешкендей, бардык иштер аяктагандан кийин борбордук парк жергиликтүү тургундар жана Караколдун коноктору үчүн эс алуу жана көңүл ачуу үчүн заманбап коомдук мейкиндикке айланат.