Кыргыз Республикасында Министрлер кабинетинин жыйыны Адылбек Касымалиевдин жетекчилиги менен өттү. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматынан билдиришти.

Жыйында 2026-жылдын биринчи жарым жылдыгына Министрлер кабинетинин иш-аракеттер планынын аткарылышынын жыйынтыктары чыгарылды, ошондой эле Саясий жана экономикалык изилдөөлөр башкармалыгынын отчету угулду.