Зеленский Сырскыны ВСУнун башкы командири кызматынан бошотту. Анын ордуна генерал Михаил Драпатый дайындалды.

Украина президенти Владимир Зеленский Александр Сырскийди Украина Куралдуу күчтөрүнүн башкы командирлигинен бошотту. Анын ордуна мурда Украина Куралдуу күчтөрүнүн Бириккен күчтөрүнүн командири болгон Михаил Драпатый дайындалды.

Зеленский өз билдирүүсүндө Сырскийдин отставкасына конкреттүү себептерди көрсөтпөсө да, мурдагы башкы командирдин маанилүү жетишкендиктерин белгиледи. Анын ичинде, Сырский Киевдин ийгиликтүү коргонушун камсыз кылганын жана Харьковдогу чабуул операциясында жана Курск операциясында негизги роль ойногонун айтты.