
Нарын шаарында мэр Жылдызбек Беккелдиев тарабынан башталган РТС аймагындагы панорамалык аянттын көрктөндүрүү иштери уланууда. Негизги көңүл туристтер үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүүгө жана инфраструктураны жакшыртууга бурулууда.
Муниципалитеттин башчысы баскычтуу жолдо жарык орнотууну, тегеректеги аймакта коопсуздук жана тазалыкты камсыздоону, ошондой эле таштанды контейнерлерин орнотууну тапшырды. Ошондой эле, баскычтын жанындагы көпүрөнү оңдоо жана туристтер үчүн ыңгайлуулуктарды түзүү үчүн ишкерлер менен кызматташтыкты орнотуу пландаштырылууда.