22-июлга караган түнү, саат 3:50 чамасында Балыкчы – Бөкөнбаев – Каракол унаа жолунун 207-208-чакырымдарынын ортосунда Жети-Өгүз районунун Конкино айылында жаап өткөн жамгырдын кесепетинен арыктарга суу батпай унаа жолду каптап, болжол менен 10 метр жерин жеп кетти. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин (ӨКМ) Ысык-Көл облустук башкармалыгы кабарлады.Мекемеден билдиришкендей, окуя болгон жерге Жети-Өгүз райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнөн ыкчам топ тартылып, кол каражаттардын...