Баткендин мэри Сейтек Кулубаев жооптуу кызматкерлерге И. Раззаков көчөсүндөгү кемчиликтерди тез арада жоюп, анын санитардык абалына туруктуу көзөмөлдү камсыз кылууну тапшырды. Тапшырмалар шаардагы борбордук көчөлөрдүн инфраструктурасы жана санитариясынын абалы боюнча жүргүзүлгөн текшерүүнүн жыйынтыктары боюнча берилди.
Инспекциянын жүрүшүндө аймактын тазалыгына, жашыл зоналарды көрктөндүрүүгө, ошондой эле жээктердин, жөө өтмөктөрдүн жана инженердик коммуникациялардың абалына көңүл бурулду.
Бул көрсөтмөлөрдүн аткарылышы Баткен мэриясынын көзөмөлүндө болот.