Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасы Алмаз Салиев «Иркештам» өткөрмө пунктуна жумушчу сапар менен барып, учурдагы иш шарттары жана көзөмөл органдары менен өз ара аракеттенүү боюнча маалымат алды. Визит бажы көзөмөлүн өткөрүү процессин жакшыртууга жана өткөрмө пунктунун ишинин натыйжалуулугун жогорулатууга багытталган.
Алмаз Салиев «Иркештам» өткөрмө пунктунун Борбордук Азия менен Кытайды байланыштырган стратегиялык түйүн катары маанилүүлүгүн белгиледи. Учурда Мамлекеттик бажы кызматы бул маанилүү транспорттук түйүндү масштабдуу модернизациялоону жүргүзүүдө, бул анын өткөрүү жөндөмдүүлүгүн бир багытта 1000 транспорт каражатына чейин жогорулатууга мүмкүндүк берет.