Баткен облусунда мыйзамсыз чайыр жыйноо фактылары аныкталды



Баткен облусунун Кадамжай районунда мыйзамсыз чайыр (ферула) жыйноо менен алектенген эки адам кармалды. Бул тууралуу Табигый ресурстар, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги маалымдады. Баткен облустук башкармалыгынын кызматкерлери жүргүзгөн рейддердин натыйжасында мыйзам бузгандар аныкталды. Аларга мыйзамды бузганы үчүн ар бирине 11 000 сом өлчөмүндө айыппул салынды.