Франция парламенти 15 жашка чыга элек өспүрүмдөрдүн социалдык тармактарды колдонуусуна тыюу салган мыйзамды жактырды. Ошентип, бул өлкө Европа Биримдигинин аймагында мындай чектөөнү мыйзамдык деңгээлде киргизген биринчи мамлекет болот.AFP агенттигинин маалыматына караганда, мыйзам долбоорун Улуттук ассамблеянын 279 депутаты колдоп, 81 депутат каршы добуш берди. Буга чейин документти Франциянын Сенаты да жактырган.Демилгени активдүү колдоп келген президент Эммануэл Макрон социалдык...