Жеке маалыматтарды коргоо мамлекеттик агенттиги Президенттин администрациясынын маалыматтык саясат бөлүмүнүн башчысы Дайырбек Орунбеков жарыялаган тизмеде ондогон адамдардын жеке маалыматтары ачыкка чыгып кеткенине байланыштуу териштирүү баштады. Бул тууралуу "Азаттыкка" агенттиктин директорунун орун басары Кылымбек Мадалбеков билдирди."Азыркы учурда биз бул маселе боюнча тиешелүү мамлекеттик мекемелерге кайрылуу жолдодук. Биз текшерүү иштерин жүргүзүп жатабыз. Анын жыйынтыгы...