Ош шаарында өспүрүмдөрдүн ортосундагы жаңжал боюнча текшерүү иштери башталып, аларды мушташтырган адам милицияга жеткирилди. Бул тууралуу Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын маалымат кызматы кабарлады.Мунун алдында социалдык тармактарда видео тараган. Анда көп кабаттуу үйлөрдүн короолорунун биринде чоң киши эки өспүрүм баланы бири-бирине тукуруп, мушташтырып жатканы тартылган. Кийин окуяга жашоочулар аралашып, жаңжалдашкан тараптарды токтотконун тасмадан көрүүгө болот.Милициянын...