
Ысык-Көл облусунда Конкино айылындагы катуу жааган жаандан жабыркаган Балыкчы – Бөкөнбаев – Каракол жолунун бузулган бөлүгү калыбына келтирилди. Трасса боюнча кыймыл эки тарапка кайрадан башталды.
Чрезвычайный кырдаалдар министрлигинин облустук башкармалыгынын маалыматына ылайык, 22-июлга караган түнү жамгырдан улам арыктар толуп, трассанын 207–208-километрлериндеги узундугу болжол менен 10 метр болгон жолдун бузулушуна алып келген.
«Жети-Огуз райондук бөлүмүнүн оперативдик тобу окуя болгон жерге чыкты. Алгачкы учурда кыймыл убактылуу калыбына келтирилип, унаалар кезек менен өткөрүлдү», — деп айтылат ведомствонун билдирүүсүндө.