Бишкекте мыйзамсыз дарактарды кесүү фактысы аныкталды

Бишкекте мыйзамсыз дарактарды кесүү фактысы аныкталды. Бул тууралуу маалымат Табигый ресурстар, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинен келип түштү.
Бишкек жана Аламудун районунун экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын регионалдык башкармалыгы Ж. Пудовкин көчөсүндө текшерүү жүргүздү. Бул үчүн негиз болуп Instagram социалдык тармагындагы билдирүүлөр кызмат кылды.

Текшерүүнүн жүрүшүндө жашыл насаждениялар мыйзамсыз кесилгени аныкталды. Натыйжада муниципалдык «БЗХ» ишканасына 17 миң сом өлчөмүндө айыппул салынды.