Сузак районунда жүк ташуучу унаа арыкка кулап кетти
Сузак районунда «Хово» маркасындагы жүк ташуучу унаа арыкка кулап кетти. Бул райондун жашоочусу, унааны башкарган, бир үйдүн жанында шагыл жүктөө үчүн келген.

Интернеттен алынган сүрөт. Сузак районунда жүк ташуучу унаа арыкка кулап кетти
Жумуштарды аткаруу учурунда арыктын бетон лотогу кулап, унанын арткы бөлүгү сууга түшүп кетти. Бактыга жараша, бул окуядан эч ким жабыркаган жок.
Учурда болгон окуя электрондук журналга катталып, тергөө иштери башталды.