
Бишкек–Ош автожолунда селдик агымдардын кесепеттерин тез арада жоюу иштери жүргүзүлүп, транспорттун кыймылы толук калыбына келтирилди. 21-июлда трассанын 249-километри боюнча эки жолу селдик агымдар түшүп, бул участоктогу кыймыл убактылуу токтоду.
Жаңы кырдаалга жооп катары, транспорт жана байланыш министрлигинин атайын техникалык каражаттары жиберилди. Адистер селдик сууларды агызуу, жолдун бети кирден жана таштардан тазалоо, ошондой эле транспорттун кыймылын кыска убакыттын ичинде калыбына келтирүү боюнча иштерди оперативдүү жүргүзүштү.