Кыргызстанда кийинки окуу жылына биринчи класска кирүүнү каалаган 123,7 миңден ашык бала катталган. Бул маалымат 1mektep.edu.gov.kg порталында жарыяланды.

Башкалаа Бишкекте 23,8 миңден ашык биринчи класска кабыл алынган окуучулар бар. Алардын арасында 12,7 миң бала кыргыз тилинде, ал эми 11,2 миңи орус тилинде билим алууда. Учурда башкалаада 2,5 миң бош орун бар.