Жарандык бирикме "Бир Дуйно - Кыргызстан" акыркы убакта Дайырбек Орунбековдун активисттердин жоопкерчилиги тууралуу айткан сөздөрүнө байланыштуу чыккан скандал боюнча өз позициясын билдирди. Уюм мындай риторика жарандардын пикир билдирүү эркиндигине, ошондой эле журналисттерди жана укук коргоочуларды коргоого коркунуч туудураарын белгилеп, жарандык коомдун ишмердүүлүгү үчүн мейкиндиктин кыскаргандыгына тынчсызданууда.
Укук коргоочулар Кыргыз Республикасынын Конституциясы жана Адам укуктары боюнча жалпы декларация сыяктуу эл аралык келишимдер ар бир адамга маалыматка эркин кирүү жана аны таратуу укугун кепилдээрин баса белгилешет. БУУнун адам укуктары боюнча комитети пикир билдирүү эркиндигине коюлган чектөөлөр мыйзамдуу, зарыл жана пропорционалдуу болушу керектигин, ошондой эле коомдук талкууну же мыйзамдуу сын-пикирди басуунун максатында колдонулбашы керектигин белгилейт.