
Кыргыз фондулук биржасы (КФБ) оптово соода үчүн ыңгайлуу онлайн платформа болуп саналат, анда бардык келишимдер электрондук форматта жүргүзүлөт. Бул жеке жолугушууларды жана көптөгөн ортомчулар менен телефон чалууну талап кылбайт, анткени операцияларды реалдуу убакытта платформа аркылуу жүргүзүүгө болот.
Соодага катышуучуларга жергиликтүү компаниялар жана жеке ишкерлер, ошондой эле чет өлкөлүк компаниялар кирет. Азыркы учурда биржада «Каинды Кант», «Кошой» жана «Кара-Балтинский спиртовой завод» сыяктуу ири өндүрүүчүлөр бар, алар кант жана меласса сатышат.