Сары-Коос айылдык аймагынын башчысы кармалды

Чүй облусунун Жайыл районунда жайгашкан Сары-Коос айылдык аймагынын башчысы Кыргызстандын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети тарабынан кармалды. Ал кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланууда шектелүүдө.

УКМКнын маалыматы боюнча, 2026-жылдын башында кармалган адам, өз кызыкчылыгы үчүн, жеке ишкер менен жасалма келишимдин негизинде чоң суммадагы акчаларды чыгарып, мамлекеттик бюджетке зыян келтирген.