Бишкекте мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар үчүн токтотуучу жайлардын санын көбөйтүү пландалууда. Бул чечим мэр Айбек Джунушалиев тарабынан кабыл алынды, деп билдиришти шаардык мэриядан.

Райондук администрациялар «Шаардык жол-транспорт инфраструктурасы» муниципалдык ишканасы менен биргеликте бардык муниципалдык токтотуучу жайларды текшеришет. Алар мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар үчүн жаңы атайын жайларды кайда түзүүгө болорун аныкташат. Мындан тышкары, мэр мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар үчүн бар токтотуучу жайлар, алардын жайгашкан жери жана жаңы жайларды түзүү үчүн мүмкүн болгон участкалар тууралуу маалымат берүүнү тапшырды.