Бишкекте бензин бир күндө 10-12 сомго кымбаттап кеткенден тартып күйүүчү-майлоочу май менен камсыздоо маселеси курчуп кетеби деген кооптонуу жаралды. Өкмөт Орусия келишимди толук аткара албай жатканын айтып, башка жолдорду караштырып, тийиштүү көлөмдү камсыздоо, бааны кармоо аракетин көрүүдө.