Кыргызстанда мамлекеттик кызматка кирүү процессинин ачыктыгын жогорулатуу үчүн коррупцияга каршы чаралар күчөтүлдү


Кыргызстанда 2025–2030-жылдарга карата коррупцияга каршы мамлекеттик стратегиянын алкагында мамлекеттик кызматка кирүү процессинин ачыктыгын жогорулатууга багытталган жаңы механизмдер киргизилүүдө. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу боюнча мамлекеттик агенттигинин орун басары Бактыгуль Усеналиева «Кабар» агенттигиндеги пресс-конференцияда билдирди. Бул жаңылыктар коррупциялык тобокелдиктерди азайтууга жана мамлекеттик кызматка талапкерлерди көзөмөлдөөнү жакшыртууга багытталган.

Негизги өзгөрүүлөрдүн арасында документтерди электрондук түрдө гана тапшыруу, талапкерлерге коюлган талаптарды күчөтүү жана кызыкчылыктар конфликтин алдын алуу системасын жакшыртуу кирет.