Бишкекте «Мадина» базарынын келечегин талкуулашты. Макулдашуу комиссиясы түзүлдү









Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиев «Мадина» базарынын реконструкциясына байланыштуу маселелерди тереңирээк изилдөө үчүн макулдашуу комиссиясын түзүүнү тапшырды. Бул демилге соода түйүндөрүнүн ээлери менен болгон жолугушууда айтылган, анда 2026-жылдын августуна пландалган шаарды көрктөндүрүү программасынын алкагында жүргүзүлүүчү иштер талкууланган.

Комиссия жетөөөнөн турган ишкерлердин жана мэриянын кызматкерлеринин, ошондой эле Бишкек шаардык архитектура жана курулуш башкармалыгынын, Архитектуралык курулуш контролунун башкармалыгынын жана башка профильдик органдардын адистеринен куралат. Комиссияны мэрдин орун басары Атай Муратбек жетектейт.