Бишкекте жана Чүй облусунун айрым райондорунда 17-июлдан 20-июлга чейин электр энергиясынын убактылуу өчүрүүлөрү байкалган, бул электр өткөрүү линияларынын жетишсиз өткөрүү жөндөмдүүлүгү менен байланыштуу. Бул тууралуу Кыргызстандын энергетика министри Алтынбек Рысбеков 21-июлда өткөн брифингде билдирди.
Министрдин айтымында, өткөн күнү электр энергиясын пайдалануу 2350 мегаваттка жеткен, ал эми жүктү жөнгө салуу 100 мегаватттын чегинде жүргүзүлгөн.