Кыргызстанда белгилүү жазуучу Чынгыз Айтматовго арналган жаңы эл аралык сыйлык түзүү пландаштырылууда. Бул тууралуу маданият, маалымат жана жаштар саясаты министри Мирбек Мамбеталиев жазуучунун туулган күнүнүн 100 жылдыгына даярдык көрүү боюнча уюштуруу комитетинин жыйынында билдирди.
Министр белгилегендей, Айтматовдун ысымы менен байланышкан сыйлыктар мурда эле түзүлгөн. 2012-жылдан бери адабият, маданият жана гуманитардык кызматташтыкка кошкон салымы үчүн берилүүчү Жаштар сыйлыгы жана ЖККУнун Межпарламенттик ассамблеясынын сыйлыгы бар.
Эми Чынгыз Айтматовдун ысымын алып турган эл аралык сыйлыкты түзүү боюнча жаңы демилге каралууда. Жакын арада аталган сыйлыктын концепциясын иштеп чыгуу пландалууда, андан кийин ал ишке ашырылат.