1-сентябрдан баштап Францияда 15 жашка чейинки адамдар үчүн социалдык тармактарда аккаунт түзүүгө тыюу салынат. Бул чечим Улуттук жыйында жана Сенатта жактырылды, мыйзамдын өлкө президенти тарабынан кол коюлушу күтүлүүдө, деп билдирет DW.

Ошентип, Франция Европалык Союзда мындай чараларды кабыл алган биринчи өлкө болуп калды.