Манас шаарында мамлекеттик тил жөнүндө мыйзамдарга жана тил эрежелеринин талаптарына жооп бербеген, грамматикалык жана орфографиялык каталарга жол берилген көрнөк-жарнактар алынды. Бул тууралуу калаа мэриясынын Маалымат борбору кабарлады.Мекемеден билдиришкендей, ишкерлерге жана тиешелүү тараптарга көрнөк-жанактарды жана жарнамаларды мамлекеттик тилдин ченемдерине ылайык келтирүү боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.Сүрөт-видеолордон көрүнүп тургандай, негизинен кытай тилинде жазылган...